Курс НБ на 26.01.2021 $84,8000 €102,9302

​ Шайлоого катышуу боюнча эң жогорку көрсөткүч Ысык-Көл облусунда катталды

Саясат
11 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
48
Бул тууралуу БШК билдирди. Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоого катышкандардын көрсөткүчү 39,75 пайызды түзгөн, тактап айтканда, 1 миллион 416 миң 485 жаран добуш берген. Аймактар боюнча алганда шайлоого катышкандардын көрсөткүчү боюнча Ысык-Көл облусу алдыда. Ысык-Көл облусу боюнча  307 786 жарандын 143 179у (46,52 пайызы) шайлоого катышкан. Экинчи орунда Ош облусунун жарандары.
Бишкек — каттоодо турган 416 123 жарандан 162 361 киши (39,01 пайыз) добуш берүүгө катышты;
Ош —151 115 жарандын 66 990у (44,33 пайыз);
Чүй облусу — 591 818 жарандын 210 585и (35,58 пайызы);
Талас — 157 886 жарандын 61 064ү (38,68 пайызы);
Ош — 722 933 жарандын 291 579у (40,33 пайызы);
Жалал-Абад — 666 695 жарандын 267 406сы (40,11 пайызы);
Баткен — 297 264 жарандын 116 318и (39,13 пайызы);
Нарын — 202 475 жарандын 84 948и (41,95 пайызы);
Чет өлкөлөрдө — 49 479 жарандын 12 095и (24,44 пайызы).


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу