Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

​ Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин иш сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат
09 - Август 2019
www.erkintoo.kg
65
Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.
Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.
Визиттин жүрүшүндө Аскар Маминди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.