Курс НБ на 30.11.2020 $84,7984 €101,1815

​ Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду

Саясат
18 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
77
Өлкөбүздүн Баш мыйзамынын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп иштеп чыгышкан. Долбоор парламенттин расмий сайтына кечээ, 17-ноябрда жарыяланды. Документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. "Элдик курултайга ыйгарым укуктарынын негизинде курултайдын төрагасынын, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчетторун угуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген ордуна ылайык эместиги жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилет" - деп жазылган долбоордун негиздемесинде. Жаңы долбоордо президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт деп көрсөтүлгөн. Президент мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт.
Жогорку Кеңештин тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык беш жылдык мөөнөт менен 90 депутатты шайлоо сунушу киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу