Казак президенти көңүл борборунда
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 25-ноябрда орусиялык “Россия 24” телеканалына интервью берди.
Кыргызстанда аскердик техникалар менен куралдардын эсебин тактоо улантылууда
Бүгүн, 25-ноябрда Президент Алмазбек өлкөбүздүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жана Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Райымберди Дүйшөнбиев менен аскердик техникалардын жана куралдардын эсебин тактоо, ок-дарыларды сактоонун эрежелерин күчөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулады.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун негизги милдети – сапаттуу медициналык тейлөөгө карата жеткиликтүүлүктү камсыздоо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун негизги милдети сапаттуу медициналык тейлөөгө карата жеткиликтүүлүктү камсыздоо болуп саналат.
Өлкөгө качкындар жапырт келсе эмне кылабыз?
Кыргызстан качкындардын жапырт түрдө келүү ыктымалдыгына реакция жасоо планын жаңылады.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.Володин менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындарынын алкагында жолугушту.
Япониядан Кыргызстанга алынып келинген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттары дезактивациялоодон өткөрүлөn
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, Япониядан алынып келинген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттары дезактивациядан өткөрүлүшү тийиш.
Миллер эң көп маяна алган топ-менеджер
Forbes журналы орусиялык эң көп акы төлөнүүчү топ-менеджерлердин рейтингин жарыялады.
Финансы министрлигинин штаттык санынын кыскартылышы 57,5 млн сом өлчөмүндөгү каражатты үнөмдөйт
Мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн оптимизациялоо алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч. Турсунбеков Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Н. Нигматулин менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 24-ноябрда Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин менен Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындарынын алкагында жолугушту.
Италия менен дипломаттык паспорт ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2016-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорт ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө Франция менен макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2016-жылдын 15-апрелинде Париж шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Француз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн кыска мөөнөттүү визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду кабыл алды.
Түркиядагы терактта кыргызстандыктардын бар же жок экендиги такталууда
Түркиянын Адана шаарында болгон теракттан жабыркагандар арасында кыргызстандыктардын бар же жок экендиги такталууда.
Назарбаев 2020-жылдагы шайлоого катышабы?
Bloomberg агенттигине маек курган Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев бийликти өз балдарына калтыруу тууралуу ниети жоктугун, президенттик кызмат өлкө конституциясында жазылган эрежелерге ылайык татыктуу талапкерге өткөрүлөрүн билдирди.
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодекси жана Жазык-аткаруу кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Жогорку Кеңештин 5 комитетинин төрагаларын шайлоо жашыруун добуш берүү менен өттү
Жогорку Кеңештин 5 комитетинин төрагаларын шайлоо жашыруун добуш берүү менен өттү
Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-ноябрда Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды.
Парламентте жаңы депутаттар
Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары Исланбек Сарсейитов менен Алмазбек Эргешов бүгүнкү отурумда ант беришти.
Суу талаш коопсуздукка коркунуч жаратат
Кечээ, 22-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде дүйнөдөгү суу ресурстарын пайдалануу, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо маселеси боюнча дебаттар өттү.
Түркияны ШКУга кабыл алуу маселеси кылдат ойлонууну талап кылат
53-жылдан бери Евросоюздун босогосун сагалаган Түркиянын чыдамы түгөндү.
Россияда мигранттардын санын кыскартуу сунушталууда
Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Ольга Голодец Россиядагы көйгөйлүү аймактарда мигранттардын санын кыскартууну сунуштады.
Башкы прокуратура Белизге суроо-талап жөнөттү
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы УКМКнын «Мегаком» компаниясы боюнча тараткан маалыматын текшерүү үчүн Белиз мамлекетине расмий суроо-талап жөнөттү.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Кыргыз-тажик чек арасындагы тынчтыктын сакталышы негизги саясий жетишкендик болуп саналат (фоторепортаж)
«Кыргыз-тажик чек арасындагы тынчтыктын сакталышы негизги саясий жетишкендик болуп саналат»,- деди Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 22-ноябрда, эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөт аралык комиссиясынын 15-кеңешмесинин жыйынында.
Сооронбай Жээнбеков Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумакановду кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумакановду кабыл алды.
Бишкекте кезектеги жыйын өтүп жатат
Бүгүн, 22-ноябрда, Бишкекте вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Кыргызстан менен Тажикстандын комплекстүү маселелерин талкуулаган, кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйыны өтүп жатат.