Курс НБ на 07.06.2020 $74,2343 €84,1186

Таластык Бакытжан Сагынтаев Казакстандын Өкмөт башчысынын милдетин аткарууга киришти

Саясат
09 - Сентябрь 2016
0
688

Кечээ, 8-сентябрда Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн премьер-министри Карим Масимовду экинчи ирет кызматынан бошотуп, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы кылып дайындады.

Армения Абрамянды Карапетянга алмаштырып жатат

Саясат
09 - Сентябрь 2016
0
653

Армениянын бийлик партиясы өлкөнүн Премьер-министр кызматына орусиялык “Газпром” компаниясынын өкүлү Карен Карапетянды сунуштап жатат.

Өзбек милициясы кыргызстандык төрт жаранды бошотту

Саясат
09 - Сентябрь 2016
0
627

Өзбекстандын милициясы Үңкүр-Тоодон кармап кеткен кыргызстандык төрт жаран бошотулду. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары Ала-Бука районундагы Баймак аймагында жолугушкан.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары–Кыргызстандын дүйнө маданиятына кошкон дагы бир салымы болуп калды

Саясат
09 - Сентябрь 2016
0
764

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине катышты.

Өзбекстанда өлкө президентинин милдетин аткаруучу дайындалды

Саясат
08 - Сентябрь 2016
0
659

Өзбекстандын парламенти 2003-жылдын декабрь айынан бери премьер-министрлик кызматты аткарып келген Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын президентинин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындады.

Курман айтка карата “Эркеч-Там” жана “Торугарт” пункттары жабылат

Саясат
08 - Сентябрь 2016
0
699

Кытай Республикасы тараптан мусулмандардын Курман айт майрамына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.

КМШ мамлекеттеринде терроризм боюнча шектелген 6 миңден ашык адам издөөдө

Саясат
08 - Сентябрь 2016
0
645

Мындай маалыматты 6-сентябрда Санкт-Петербург шаарында аяктаган КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйынында Антитеррордук борбордун жетекчиси Андрей Новиков билдирди.

Октябрда Николай Бордюжа кызматынан кетет

Саясат
08 - Сентябрь 2016
0
638

16-октябрда Ереван шаарында ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин жыйыны өткөрүлөт.

Жогорку Кеңеш демократия боюнча өнөктөш боло алдыбы?

Саясат
08 - Сентябрь 2016
0
647

Бельгия Королдугунун Федералдык парламентинин сенатору, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ПАСЕ) Кыргызстан боюнча докладчысы Ален Дестекс эки күндүк иш сапар менен жергебизге келди жана аны бүгүн, 8-сентябрда Президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды.

Курманбек Бакиевди кайтарып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды

Саясат
08 - Сентябрь 2016
0
630

Кыргызстан менен Беларус баш прокурорлору Индира Жолдубаева жана Александр Конюк 7-сентябрда Минск шаарында жолугушуп Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү жаатында сүйлөштү.

Президент Алмазбек Атамбаев ПАСЕнин Кыргызстан боюнча эксперт-баяндамачысы Ален Дестексти кабыл алды

Саясат
08 - Сентябрь 2016
0
700

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын Кыргыз Республикасы боюнча эксперт-баяндамачысы, Бельгия Королдугунун Федералдык Парламентинин сенатору, Брюссель борбордук регионунун Парламенттериндеги жана Француз коомунун депутаты Ален Дестексти кабыл алды.

Бүгүн Өзбекстан президентин дайындайт

Саясат
08 - Сентябрь 2016
0
875

Бүгүн Ташкентте Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасы менен сенатынын биргелешкен жыйыны болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн бардык аймактарын жана бир катар жактарды «Кырчын» жайлоосундагы «Көчмөндөр Ааламы» фестивалын уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн сыйлады

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
747

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 7-сентябрда, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну алкагында Ысык-Көл облусунун «Кырчын» жайлоосунда өтүп жаткан «Көчмөндөр Ааламы» фестивалынын расмий жабылуу аземине катышты.

Сот президенттин атына жазылган арызды канааттандырган жок

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
780

Бишкек шаардык соту укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын ар-намысын жана ишмердик беделин коргоо жөнүндөгү өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге каршы жазган арызын канааттандырган жок.

Жаштарды аялдамадан түшүүгө үндөгөн акцияга кошулуңуз

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
649

5-сентябрь күнү Кыргызстандын жаштар курултайынын алкагында коомдук унааларга жаштарды аялдамадан түшүүгө үндөгөн акциясы старт алды.

Өзбекстанга кыргыз жарандарын кайтарып берүү боюнча кайрылуу жолдонот

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
695

Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Өзбекстан тарап теле жана радио берүү станциясынын төрт кызматкерин дагы эле Наманган райондук ички иштер башкармалыгы кармап турганын жана аларга жиберилген адвокаттарды өзбек тарап жолотпой жатканын билдирди.

Өрттөн жабыркаган Калбай кызы Кызбурак ооруканадан чыгарылды

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
704

Москва шаарында болгон өрттөн жабыркаган Кыргызстандын жараны Калбай кызы Кызбурак ооруканадан чыгарылгандыгы тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда кальян чегүүгө тыюу салынышы ыктымал

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
762

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев коомдук жайларда кальян чегүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп чыгууда.

КМШ аймагында 5 миңден ашуун террорчу изделүүдө

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
721

КМШ уюмунун Антитеррордук борбору терроризмге тиешеси бар делген 5 миңден ашуун адамга издөө жарыялаганын Sputnik Молдова борборунун жетекчиси Андрей Новиковго таянуу менен билдирди.

МИ-8МТВ дүйнөдө эң көп колдонулган вертолет

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
688

Кыргызстандын Коргоо комитети 10 миллион сомдон ашык каражатка МИ-8МТВ вертолету үчун запастык өлүктөрдү сатып алары белгилүү болду.

“Үркүн” окуясына арналган эстелик ачылды

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
743

Бишкектин «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүн окуясына арналган эстелик ачылды. Эстелик президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык жүргүзүлгөн. Эстеликти тургузууга сынак жарыяланып скульпторлор Огонбаев жана Ажиевдин эмгектерин тандап алышкан.

Президент Алмазбек Атамбаев: «Бүгүн биз элибиздин жүрөгүн жүз жылдан бери оорутуп жүргөн, элибиздин мойнунда жүз жылдан бери жүк болуп жүргөн ыйык парзыбызды өтөп жатабыз”

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
856

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-сентябрда “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексте 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун эстелик Мемориалын ачуу аземине катышты.

Назарбаев гимнди билбеген депутаттарды сындады

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
664

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев парламенттин жыйынында гимнди билбеген депутаттарды сынга алды. Казинформ маалымат агенттигинин маалыматына караганда, президент өзү гимнди толугу менен ырдаган.

Жогорку Кеңеш ишин токтотпойт

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
640

Айрым ЖМКларга чыккан Жогорку Кеңеште 12-сентябрына чейин танапис жарыяланды деген сындуу маалыматтар чындыкка коошпойт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Календарлык планга ылайык, 12-сентябрга чейин парламенттин тармактык комитеттеринде иштер жүрөт.

Ислам Каримовдун абалы оор

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
604

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун абалы оор экендигин РИА Новости Өзбекстандын өкмөтүнө шилтеме берип жазды. Буга чейин Каримовдун кызы Лола Каримова өзүнүн Instagram баракчасына атасы мээсине кан куюлуп реанимацияда жатып калганын билдирип, бирок туруктуу экендигин жазган.