Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Курманбек Бакиевди кайтарып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды

Саясат
08 - Сентябрь 2016
0
294

Кыргызстан менен Беларус баш прокурорлору Индира Жолдубаева жана Александр Конюк 7-сентябрда Минск шаарында жолугушуп Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү жаатында сүйлөштү.

Президент Алмазбек Атамбаев ПАСЕнин Кыргызстан боюнча эксперт-баяндамачысы Ален Дестексти кабыл алды

Саясат
08 - Сентябрь 2016
0
326

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын Кыргыз Республикасы боюнча эксперт-баяндамачысы, Бельгия Королдугунун Федералдык Парламентинин сенатору, Брюссель борбордук регионунун Парламенттериндеги жана Француз коомунун депутаты Ален Дестексти кабыл алды.

Бүгүн Өзбекстан президентин дайындайт

Саясат
08 - Сентябрь 2016
0
462

Бүгүн Ташкентте Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасы менен сенатынын биргелешкен жыйыны болот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн бардык аймактарын жана бир катар жактарды «Кырчын» жайлоосундагы «Көчмөндөр Ааламы» фестивалын уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн сыйлады

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
348

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 7-сентябрда, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну алкагында Ысык-Көл облусунун «Кырчын» жайлоосунда өтүп жаткан «Көчмөндөр Ааламы» фестивалынын расмий жабылуу аземине катышты.

Сот президенттин атына жазылган арызды канааттандырган жок

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
407

Бишкек шаардык соту укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын ар-намысын жана ишмердик беделин коргоо жөнүндөгү өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге каршы жазган арызын канааттандырган жок.

Жаштарды аялдамадан түшүүгө үндөгөн акцияга кошулуңуз

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
302

5-сентябрь күнү Кыргызстандын жаштар курултайынын алкагында коомдук унааларга жаштарды аялдамадан түшүүгө үндөгөн акциясы старт алды.

Өзбекстанга кыргыз жарандарын кайтарып берүү боюнча кайрылуу жолдонот

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
300

Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Өзбекстан тарап теле жана радио берүү станциясынын төрт кызматкерин дагы эле Наманган райондук ички иштер башкармалыгы кармап турганын жана аларга жиберилген адвокаттарды өзбек тарап жолотпой жатканын билдирди.

Өрттөн жабыркаган Калбай кызы Кызбурак ооруканадан чыгарылды

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
323

Москва шаарында болгон өрттөн жабыркаган Кыргызстандын жараны Калбай кызы Кызбурак ооруканадан чыгарылгандыгы тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда кальян чегүүгө тыюу салынышы ыктымал

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
369

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев коомдук жайларда кальян чегүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп чыгууда.

КМШ аймагында 5 миңден ашуун террорчу изделүүдө

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
294

КМШ уюмунун Антитеррордук борбору терроризмге тиешеси бар делген 5 миңден ашуун адамга издөө жарыялаганын Sputnik Молдова борборунун жетекчиси Андрей Новиковго таянуу менен билдирди.

МИ-8МТВ дүйнөдө эң көп колдонулган вертолет

Саясат
07 - Сентябрь 2016
0
310

Кыргызстандын Коргоо комитети 10 миллион сомдон ашык каражатка МИ-8МТВ вертолету үчун запастык өлүктөрдү сатып алары белгилүү болду.

“Үркүн” окуясына арналган эстелик ачылды

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
297

Бишкектин «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүн окуясына арналган эстелик ачылды. Эстелик президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык жүргүзүлгөн. Эстеликти тургузууга сынак жарыяланып скульпторлор Огонбаев жана Ажиевдин эмгектерин тандап алышкан.

Президент Алмазбек Атамбаев: «Бүгүн биз элибиздин жүрөгүн жүз жылдан бери оорутуп жүргөн, элибиздин мойнунда жүз жылдан бери жүк болуп жүргөн ыйык парзыбызды өтөп жатабыз”

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
392

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-сентябрда “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексте 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун эстелик Мемориалын ачуу аземине катышты.

Назарбаев гимнди билбеген депутаттарды сындады

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
292

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев парламенттин жыйынында гимнди билбеген депутаттарды сынга алды. Казинформ маалымат агенттигинин маалыматына караганда, президент өзү гимнди толугу менен ырдаган.

Жогорку Кеңеш ишин токтотпойт

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
270

Айрым ЖМКларга чыккан Жогорку Кеңеште 12-сентябрына чейин танапис жарыяланды деген сындуу маалыматтар чындыкка коошпойт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Календарлык планга ылайык, 12-сентябрга чейин парламенттин тармактык комитеттеринде иштер жүрөт.

Ислам Каримовдун абалы оор

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
279

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун абалы оор экендигин РИА Новости Өзбекстандын өкмөтүнө шилтеме берип жазды. Буга чейин Каримовдун кызы Лола Каримова өзүнүн Instagram баракчасына атасы мээсине кан куюлуп реанимацияда жатып калганын билдирип, бирок туруктуу экендигин жазган.

АКШ Орусияга карата санкцияларын кеңейтти

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
279

АКШ Орусиянын Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп жаткандыгына жана 2014-жылы Крымды аннекциялап алгандыгына байланыштуу киргизилген санкциялык тизмеге дагы 37 адамды жана компанияларды киргизди.

Шавкат Мирзияев Самаркандга барды

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
463

Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев 1-сентябрь күнү түштөн кийин шашылыш түрдө Самаркандга барды. – Улугбек обсерваториясынан тарта «Сиёб» базарына чейин жолдордун бардыгы жабылган, ал жакка ошол аймакта жашагандарды гана өткөрүп жатышат.

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
321

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Жолугушууда уюмдун азыркы ишине байланышкан жана быйыл октябрь айында өтө турган Жамааттык коопсуздук кеӊешинин сессиясына жана ЖККУнун уставдык органдарынын жыйындарына даярдыктардын жүрүшү тууралу маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Билим күнүндө Чоӊ-Таш айылындагы С.Чокморов атындагы орто мектептеги салтанатка катышты (фоторепортаж)

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
373

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-сентябрда Билим күнүндө Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чоӊ-Таш айылындагы С.Чокморов атындагы орто мектептеги окуу жылдын башталыш салтанатына катышты. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бардык окуучулар менен педагогдорду жаркын майрам – Билим күнү менен куттуктады. Президент окуучуларды тырышып окууга, ата-энелерди жакшы билим жана тарбия алуусу үчүн балдарына өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.