Сабырбек Апсаматов: “Жол кыймылынын коопсуздугуна жалпыбыз жоопкербиз”

Баткен ОИИБнин ЖКККБнын жетекчисинин орун басары Сабырбек Апсаматов:

Жол коопсуздугун бузуп, күнөөсүз жарандардын өмүрүн кыйган  айдоочуларга жалпы коомчулук тынчсыздана баштады. Ылдамдыкты чексиз ашырып, жол белгилерине карабай кууп өтүү эрежелерин одоно бузуларынан улам, акыркы 7 айдын ичинде Баткен облусунун аймагындагы унаа жолдорунда 162 жол кырсыгы катталып, 18 жаран каза болгон. 263 жаран жол кырсыгынын кесепетинен денелеринен  ар түрдүү жаракаттарды алышып, айрымдары майып болуп калышты.

Жол коопсуздугундагы мындай кайгылуу окуяга өлкө башчысы өзү кайрылуу жасап тийиштүү органдарга жол кырсыгынын алдын алуу боюнча милдеттерди койду. Биз бул багытта Баткен ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, милициянын майору Сабырбек Апсаматов менен баарлаштык.

-Сабырбек Абдымамытович, деги эле кой деген сайын коруш алган мындай кайгылуу көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча кандай аракеттерди кылсак болот? Канткенде азаят?

— Биз канчалык жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо боюнча коомчулук арасында тынымсыз түшүндүрүү, үгүт-насаат профилактикалык иш чараларын жүргүзүп жатканыбызга карабастан, чын эле ушундай кайгылуу көрүнүштөрдүн орун алып жатышы өтө өкүнүчтүү. 25 жылдан бери жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкер катары өзүм да ушул суроонун жообун таппай жүрөм.  Ар бир айдоочуга жол коопсуздугун айтып, катуу жүрбө, бирөөнүн өмүрү сенин колуңда, бөөдө кырсыктан сырт болгула деп айтканыбызга карабастан, дагы эле бири-бирине атаандашып, менин унаам деген түшүнүк менен көз ирмемде көптөрдүн өмүрү кыйылып калууда. Мына, саналуу күн мурда болгон жол кырсыгын айтайын. Ош-Исфана эл аралык маанидеги унаа жолунун 192-чакырымында келе жаткан “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алдында бара жаткан тракторду кууп өтөм деп, каршы тилкеде келе жаткан  унааны көрө калып жолдун оң тарабына чыгам деп трактордун арткы сол дөңгөлөгүн уруп, оодарылып калган. Натыйжада каршы тилкедеги “Тойота-Эстима” менен да кагылышып, бир мезгилде үч унаанын таш талканы чыгып “Хунда-Портердин” айдоочусу окуя болгон жерде каза болуп, “Тойота-Эстима” унаасындагы үч жаран денелеринен жаракат алышып, Баткен облустук ооруканасына кайрылышкан. Бул биздин күндөлүк ишибиздеги кайгылуу окуялардын бир гана көрүнүшү. Ошондуктан, биз айдоочуларга беш мүнөт эрте жетпесең, беш мүнөт кеч жетесиң деп көп айтабыз.

— Өкүнүчтүү, абдан өкүнүчтүү. Тилекке каршы, айдоочулар ошол эле замат унутуп калып жатпайбы?

— Ооба, ошондуктан биз айдоочулар менен кошо эле коомчулук, жаш айдоочулар менен иш жүргүзүп жатабыз. Айта кетсем, ар бир айдоочу менен баарлашканда айдоочулук күбөлүгүн кай жерден алдыңыз, ким окутту эле, окуган мезгилде сабакка канча ирет бардыңыз, практикалык сабактар өтүлдүбү? деген суроолор менен бирге эле атайын даярдалган жол белгилерин билеби-билбейби сурамжылоо жүргүзөбүз. Мындай сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй айдоочулардын жол эрежелери боюнча билим деңгели канааттандырарлык эместигин көрсөттү. Демек, айдоочулук күбөлүктөрдүн көпчүлүгү жең ичинен берилген деген тыянака келесиң. 

Учурдан пайдаланып айдоочуларды даярдаган авто мектептердин эмгек жамааттарына кайрылат элем. Бөөдө кырсыктан көз жумгандардын өлүмүнө силердин дагы күнөөңөр бар. Мындай дегеним, айдоочуларда бирин-бири сыйлоо, тилектештик, айдоочулук этика, айдоочулук маданият деген  дээрлик канааттандырбайт. Азыр биздин алдыбызда дал ушул  көйгөйлөрдү канткенде болтурбай коёбуз деген оор, түйшүктүү милдеттер турат.

— Президент өзү кайрылуу жасады. Эми сиздердин кызматкерлерге кандай жоопкерчиликтер жүктөлдү?

— Президент өзү кайрылып, бизге жол кырсыктарынын санын кыскартуу боюнча каттуу тапшырмаларды койду. Өзгөчө оор кесепеттер менен катталган жол кырсыгынын алдын алуу, транспорт каражаттарын мас абалында башкарган айдоочуларды аныктоо фактыларын, жол кыймылындагы баш аламандыкты жоюу боюнча өзгөчө милдеттерди айтты.

Өлкө башчысынын тапшырмасы боюнча Баткен облусунун аймагында “Ролдо” аталышындагы ишмерчемдин алкагында күнү-түнү унаа жолдорунда күчөтүлгөн тартипте башка кызматтар менен биргеликте иш жүрүүдө.

— Кандай натыйжалар болууда?

— Коюлган тапшырмаларды аткарууда ишмерчем түзүлгөндөн бери 20 күн аралыгында облус аймагында 50дөн ашык унааны мас абалында башкарган айдоочулар кармалып, жол эрежелерин бузган 1500 дөн ашуун айдоочуларга карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлгөн. Ушундай иш чаранын алкагында жол кырсыгынын саны кескин кыскарганы байкалды.

-Сизге эркин микрофон деп коёлу, жалпы коомчулукка кандай кайрылуу айтаар элеңиз?

-Менин коомчулукка кайрылуум, айдоочулар, жүргүнчүлөр, жөө жүргүнчүлөр, велосипедчендер жана жаш айдоочулар биз баарыбыз жол кыймылында жол эрежелерин так сактап, бирөөнүн өмүрүнө жана ден соолугуна бөөдө залал келтирбейли. Ошондой эле жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын болтурбоо үчүн ата-энелер жана жооптуу кишилер балдарды жолдо жүрүү эрежелерин үйдөн дагы эскертүүнү унутушпаса. Өзгөчө Ош, Бишкекке каттаган такси кызматынын айдоочулары, силер жаныңыздагы жүргүнчүнүн өмүрү- коопсуздугу силердин колуңарда. Акча деп таңкы уйкудан калып, канча өмүрлөр кыйылды. Сак болуңуздар.  

Адылбек Акматов

error: Content is protected !!