Панфилов районунда дүкөнчүнү тоногон эки адам кармалды

Панфилов РИИБнө жергиликтүү 32 жаштагы жашоочу О.А. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 7-июль күнү болжол менен саат 00:10 чамаларында бейтааныш эки адам ал соода кылган дүкөнгө киришип,сатуучуну бычак менен коркутуп, 14 миң сом акчасын алышып белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери баштлаган.

Жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй облусунун ИИББнын жана Панфилов РИИБдүн криминалдык милиция кызматынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган топ түзүлүп, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында жогорудагы кылмышка шектелишип, 2000-жылы туулган Р.Т. жана 2003-жылы туулган Т.А. аттуулар кармалышкан.

Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандардын Жайыл районунун аймагында катталган кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

error: Content is protected !!