Ошто жол кырсыгынан жубайлар каза болушту

Ошто жол кырсыгынан кесепетинен жубайлар каза болушту. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздогү жылдын 30 июлунда Алай районунун Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 93-чакырымында (Кызыл-Коргон айылы) “Тойота Ист” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып, Гүлчө суусуна түшүп кеткен.

«Жерине 4 куткаруучу тартылып, кырсыктын кесепетинен 51 жаштагы эркек киши жана 50 жаштагы аял каза болгондугу аныкталган. Кийинчирээк алар жубайлар экендиги белгилүү болгон.

Куткаруучулар унааны жана каза болгон адамдарды суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

error: Content is protected !!