Муратбек Касымалиев: «Айрым учурларда автоунаанын кырсыкка кабылышына жөө жүргүнчүлөр да себепчи болуп калышы мүмкүн»

Профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп лицейинин директору Муратбек Касымалиев:

Шаар ичинде транспорттун саны ашыкча көбөйдү. Мектептин тегерегиндеги көчөлөрдүн жол чырактарынын иштеши үзгүлтүккө учурабашы керек. Мурдагыдай тартипте  мектептке жакын көчөлөрдү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери үч маал тейлеп берип турса жакшы болот. Анткени аз күндө окуу башталат. Окуучулардын жол коопсуздугу биз үчүн башкы орунда турат. Ар бир айдоочу мектептин жанындагы көчөлөрдөн өтүп жатканда жоопкерчиликти сезип, ылдамдыкты азайтып, ошого үйрөнүүсү зарыл.

Жалаң эле айдоочулардын жол эрежеси эмес, жөө жүргөн адамдардын да жолдо жүрүү эрежеси болорун үйрөтүп, жол белгилерин так билүүгө, жолдо абайлап жүрүүгө багытталган атайын тарбиялык сааттар өткөрүлөт. Окуучуларга коомдук транспортко түшүүдө аялдамадан гана отуруу керектигин айтабыз. Бул боюнча ата-энелер да тынбай айтып туруулары зарыл. Ошол эле учурда башталгыч класстын окуучуларын атайын микроавтобустар менен ташып келүү маселесин Бишкек шаардык мэриясы  демилгелеген. Бул план ишке ашып калса, бир топ жеңилдиктер болмок. Мектептин тегерегиндеги көчөлөр да жол тыгындардан  арылмак.

Жүрөк үшүн алган жол кырсыктарынын көбөйүп жатышы ар бирибизди тынчсыздандырып жатат. Ошондуктан, ар бир ата-энеге кайрылат элем, балдардын мектепке барып келүүсүндө жолдон өтүүдө өтө сак болушуна жана жол чырактардан гана өтүүнү талап коюңуздар. Айрым учурларда автоунаанын кырсыкка кабылышына жөө жүргүнчүлөр да себепчи болуп калышы мүмкүн. Айрыкча өспүрүм балдар, студенттер кулакчындарын (наушник) тагынышып, сырттагы үндөргө реакция беришпейт. Билинбеген менен бул дагы өзүнчө маселе жаратып коюуда.

error: Content is protected !!