Курс НБ на 24.01.2018 $68,4070 €84,4211

Жылдын мыкты тасмалары аныкталды

Маданият
20 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
46
12-декабрда «Манас» кинотеатрында «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын мекени» аталышындагы VII эл аралык КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн кинофестивалынын ачылышы өттү. Жыл сайын бул кинофестиваль улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып, уюштурулуп келет.  15-декабрда «Кыргыз өлкөсү — кыска метраждуу тасмалардын мекени» аталышындагы VII Эл аралык кинофестиваль соңуна чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды. Улуттук сынакта Касиет Кубанычбек кызынын «Оймок» тасмасы «Мыкты тасма» наамына, «Бакыт», тасмасы менен Мээрим Догдурбекова «Калыстардын атайын белеги» сыйлыгына ээ болду. Улуттук сынакта «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон тасма» номинациясына «Аңчылык» тасмасы менен режиссер Ильгиз Турсунбек уулу татыды. Маалымат үчүн: Кыска метраждуу тасмалардын кинофестивалы 2010-жылы Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген, ал алгач ирет 2011-жылы өткөрүлгөн.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу