Курс НБ на 19.10.2018 $69,3251 €79,3703

Жоробектин жоругу

Маданият
02 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
34
Желе-Дөбөнүн жогору жагындагы жолдун жээгиндеги жаңгактын жанында жети жигит жолугуп, Жоробек жөнүндө жобурап жатышты. Жакында жети-өгүздүк жылкычы Жолойдун жээрде жоргосу жоголгон. Жээрде жорго жайды-жайлай  жайлоодо жүрчү. Жалы жайылган жылкы. Жанындагы жылкычылар жээрде жорго жакында Жети-Өгүздүн жогору жагында жүргөнүн жеткиришет. Жолойдун жардамчысы Жакып жайлоодо жоктугун жобурайт.
Жылкычы Жолой жээрде жоргону жети-өгүздүк жетим Жоробек жаргылчактык жездеси Жээнбектикине жеткиргени жөнүндө жалuан жалаа жаап, жергиликтүү «жандармерияга» жобо жазат. Жергиликтүү жандармдар жетим Жоробекти жанчып жатып, жоголгон жылкынын жанына жети жылкыны жармаштырып жазып, жаңырган жылдын жазында Жоробекти Жалал-Абаддагы жабык жайга жайгаштырышат. Жазасы жети жыл. Жигиттин жаш жаны жаман жабыркайт. Жабык жайтын жаргонунда Жоробек – Жора. Жабык жайда Жоробек жөн жаткан жок. Жок жерден жалган жалаа жабылып,жазаланып жатканы жөнүндө жогору жактагы Жыпар Жекшеевге, Жылдыз Жолдошевага жардам-жобо жазды. Жогору жактан жооп жок. Жаш жигит жабык жайда жатып жаман жүдөдү.
Жакында Жоробектин жанына жумгалдык Жуманы жаткырышкан. Жума жабык жайларда жүргөнүнө жети жыkдын жүзү. Жөн жатпайт. Жалкоолугу жок. Жөнөкөй жиптен, желимден, жүндөн жаныбарларды жасагандан жадабайт.
Жогорку жакка жазган жардам-жободон жооп жок. Жаш жигиттин жүрөгү жабыркагандан жабыркап жатты. Жаштайынан жакын жүргөн жеңеси Жумагүл жакында Жоробекке жаңгак, жүзүм, жумуртка, жалаң жазгы жүндөн жасалган жылуу жемпир, жынсы жекет жеткирди.
Жазга жуук Жоробектин жүрөгүн жакшы жаңылык жылытты. Жаңылыкта жоголгон жорго жөнүндө жазылган. Жогоруда жоголгон жоргону жети-өгүздүк жылкычылар жазында жогору жактагы Жарылган-Жүрөктүн жанынан жырткычтар жегенин, жылкынын жалы, жамбашы жатканын, жанында жорулар жүргөнүн жазып, жардамчысын Жолойго жөнөтүшөт. Жок жерден Жоробекти жазалап жатканына Жолой жүрөкзаадаланып жүрдү. Жакшы жаңылык жалпы журтка желдей жайылды. Жездеси Жээнбек жашыл жигулисин жорголотуп Жалал-Абадга жөнөдү. Жоробектин жазгы жалбыракча жүдөгөн жагдайына жездеси жашып жатты. Жашыл жигулиге Жоробектин жалпайган жаздыгын, жүндүү жуурканын, Жуманын жээни Жаннатка жасаган жөжөсүн жүктөп, жуманын жетисинде Жалал-Абаддан Жети-Өгүзгө жөнөштү. Жанында жазаланып жаткан жабык жайдын жарандары Жоробекке жалооруп жатышты. Жолдо жаан жаады. Жоробектин жүзүндө жакшы жашоонун жышааны жанып, жылуу жылмайганын жашырган жок. Жүрөгү желпилдеп, жан-дүйнөсү жыргап жатты.
Жети-Өгүздө жаштайынан жанында жакын жүргөн жолдоштору жадырап-жайнап жолугушуп, Жоробектин жарпын жазды. Жеңеси Жумагүл жалынып-жалбарып, жетиналбай жакалуу желеткесин жаап жүрөт. Жетимиш жаштагы Жолойдун жетишпей жашаган жетим Жоробекке жасап жүргөн жоругуна жумурай-журт жандарына жуутпай жийиркенгенсип жүрүштү. Жабык жайда жүрүп жүдөгөн Жоробектин жанын жыргатышка жайлоодогу жездеси Жеңиштикине жөнөтүшөт. Жайлоодо жамбаштап жатып, жүзүнө жылмаю жаңырып, жыргап жүрөт.
Желмогуз Жолой Жоробекке жолугуп жарпын жазууга, Жоробекке жапжаңы жынсы, жеңеси Жумагүлгө жапон жоолугун, жездеси Жеңишке жез жаткырылып жасалган жаңы жүгөн, жигулисине жаңы жапкыч, жээни Жээнтайга жашыл жемпир, жарым жашик жаңгак, жарым жашик жүзүмүн, жалаң жибектен жасалган жети жуурканды жүктөп, жубайы Жийдеканды жетелеп, жайлоого жөнөдү. Жаш жигиттин жанында жетимиштеги Жолой жылаанча жойлоп, жаңылганына, жазганына жалынып жалбаарып жатты. Жолойго Жоробектин жаш жүрөгү жибиген жок.
Ждан жаңылык жазган жазмакер Бакыт Карбозов
 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу