Курс НБ на 13.12.2018 $69,8300 €79,0615

Жолдошбек Жанжигит уулу Жаштар театрын жетектейт

Маданият
03 - Март 2018
www.erkintoo.kg
288

Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчилигине Жолдошбек Жанжигит уулу дайындалганын Маданият, маалымат жана туризм министрилиги билдирди.

Жаңы жетекчини жамаатка 2-март күнү министр Султан Жумагулов тааныштырды.

"Жанжигит уулу эмгек келишимдин негизинде дайындалды. Эгерде бир жылдын ичинде өзүн мыкты көрсөтүп, ийгиликтерди багынтып иштеп кетсе келишим кийинки жылга узарат. Буга чейин театр директорлору эмгек келишим менен иштеген эмес", — деп айтылат маалыматта.

Аталган театрды буга чейин Эгемберди Чалабаев башкарып келген.

Жолдошбек Жанжигит уулу Кемин районунда Тегирменти айылында туулган. Москва шаарында Михаил Щепкин атындагы жогорку театрдык институтунда билим алган. Учурда Россия Федерациясынын президенти алдындагы башкаруу академиясында билим алып жатат. "Учур" театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз-түрк "Манас" жогорку окуу жайында көркөм өнөр факультетинде ага окутуучу болгон.

Кыргызстандын жана чет элдик белгилүү тасмаларында роль жаратып, тасма, мультфильмдердин үнүн коштогон.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.