Курс НБ на 24.01.2018 $68,4070 €84,4211

Жети жаш автордун китеби жарыкка чыкты

Маданият
19 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
80
2017-жылдын 18-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу өзүнүн чоң залында Адеп, ыйман жана маданият жылына арналган “Жети жаш автор” долбоорунун негизинде жаш калемгерлердин китептеринин бет ачарын өткөрдү. Ушул жылы тандалып алынган жети жаш авторлор төмөнкүлөр: Абдимталип уулу Келдибек “Энеме кат”, Калмурат кызы Турсунай “Бийигим”, Момуналиев Жоомарт “Калем сыры”, Шамшидин уулу Дыйканбек “ Ырлар менин казынам”, Перизат Алмаз кызы “Руханият”, Аскаров Мирлан “Иллюзия” жана Замирбек Орозбай уулу “Сезимден өчпөс чырагым”.
   Иш-чаранын максаты – жаш калемгерлердин чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү, дем-шык, эргүү берүү жана алардын чыгармаларын жалпы журтчулукка жайылтуу.
   Иш-чараны  интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун уюштурууну камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Түлөбердиева Дамира Мукашевна ачып берип, “Жети жаш автор” долбоорунун негизги максаты, чыгармачыл жаштардын эмгегин басып чыгаруу жана жамый журтка таратуу  жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштерди баяндап берди. Кийинки сөзгө чыккан А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси, КРнын жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү акын Бердибек Жамгырчиев азыркы кыргыз адабиятынын абалы, өсүп келе жаткан жаш калемгерлердин мууну туурасында айтып берип, өзүнүн калемине таандык ырларды окуу менен биргеликте комузда кол ойнотуп, обондуу ыр аткарып берди. 
    Алгачкы китеби жарык көрүп жаткан жети жаш автор Кыргызпатентке, ИМ мамфондуна ыраазычылыктарын айтышып, жалпы келген конокторго кезеги менен өзүнө таандык ырларын окуп беришти. Иш-чаранын жүрүшү кызыктуу суроо-жооптор менен коштолуп, чыныгы поэзия кечесине айланды.
    Бет ачар аземине маданият кызматкерлери, акын-жазуучулар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү,  поэзия сүйүүчүлөрү, Кыргызпатенттин жана ИМ мамфондусунун кызматкерлери катышты.
 
Дооранбек уулу Акжол


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу