Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

Жети түрлүү билим бил, жети улуттун тилин бил

Маданият
14 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
248
Жакында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун  Тил даярдыгы жана котормо кафедрасы тарабынан уюштурулган “Жети түрлүү билим бил,  жети улуттун тилин бил” аттуу тил фестивалы болуп өттү. Фестивалда  Ч.Айтматовдун  90 жылдыгына арналып  студенттер  англис, кытай, корей тилдеринде чыгармаларынан монолог айтып беришти.  Ошондой эле, “Саманчынын жолу”  повестинен “Майсалбектин каты”  англис, кытай жана корей тилдеринде cахналаштырылды.  Корей улуттук музыкалык аспабында ойногон  “Cамульнори”  тобу  көрүүчүлөрдүн купулуна толду.  Фестивалда  кытай тилинде “Кызыл топу”,  англис тилинде “Snow white”, корей тилинде  “Гүлала” жана  корей элинде наристенин туулган күнүнүн салттуу белгилениши сахналаштырып көрсөтүлүп,  окутулуп жаткан тилдерде ырлар жана  бийлер аткарылды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.