Курс НБ на 20.05.2019 $69,8500 €78,0539

​Жети дубан күткөн “Жетиген” чыкты

Маданият
24 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
86
Жакшылыктын жарчысы болуп жалаң гана жакшылыктарды жазган “Жетиген” журналынын апрель айындагы саны жарык көрдү. Журналдан адаттагыдай эле окурмандар күткөн кызыктуу материалдарды окууга болот.
Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин:
 “Дин – Коммунисттик доордун келишкис душманы эмес беле”
 Кыргыз Республикасынын  ТҮРКСОЙдогу өкүлү, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин журналдын “Кечки коңгуроо” рубрикасында акын Бактыгүл Чотурованын суроолорунун тегерегинде кызыктуу маек куруп берген.
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Раззаков:
“Мен үчүн офицердин ар-намысы жана Мекендин кызыкчылыгын коргоо баарынан жогору турат”
19 жыл Баткен облусунда иштеген Жеңиш Парпиевичтин чек ара чыры жана Тажикстандын тыңчысы ж.б. суроолор боюнча “ымандай сырын” ушул маектен окуп билиңиз.
Журналист жана жазуучу Абдиламит Матисаков:
“Эсекемдей адам дагы келээр бекен!?”
Кыргыз журналистикасында чыгаан публицист катары изин калтырып кеткен Эсенбай Калдаровду эскерген армандуу аңгемеси да окурмандарды кайдыгер калтырбайт.
Айтор “Жетигенди” барактап баарын тапсаңыз болот. (АЖ)
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу