Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Жеңил боектор аялзатынын сулуугун арттырат

Маданият
18 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
971
Аял заты өзүнүн сулуулугуна кам көрүп, боёнуу искусствосун туура өздөштүрүү үчүн аракет, убакыт жана, албетте, акча талап кылынат. Бирок айымдар бетине туура түстөгү косметикалык каражаттарды тандап алуу үчүн бет терисинин өңүн так айырмалап, боёк түстөрүн айкалыштыра билүүсү эң маанилүү. Бул макалада жаз мезгилинде айымдар кандай боёнуу керектиги тууралуу сөз кылабыз. Жаз мезгилинде табигый жана жеңил макияж учурга ылайыктуу келет. Назик өңдөр менен түшүрүлгөн жеңил боёктор аял затынын сулуулугун чыгарат.
Бетке макияж коюу алдында айымдар түстүү базаны туура тандап алышы керек. Айрыкча жаз мезгилинде шабдаалы жана назик алтын түстүү базалар көп колдонулат. Андан тышкары кызыл бетти жабуу үчүн жашыл база коюлат. Көпчүлүк учурда ак, сирень, күңүрт-кызгылт түстөгү базаларды колдонуу көп сунуш кылынбайт. Анткени ал көпчүлүк айымдардын бетинин териси менен төп келбей калат.
Тоналдык бетмай:
Базаны коюп алган соң бетке тоналдык бетмай коюлат. Эгерде кечеге бара турган болсоңуз алтын түстүү жылтыраган тоналдык кремди койсоңуз болот. Ал эми күндүзгү макияж үчүн шабдаалы түстөгү назик тоналдык кремди же бетти тунук көрсөтүүчү пилдин сөөгүнө түсмөлдөш тоналдык кремди тандап алсаңыз болот. Беттин түсү ак жуумалбы же кара-тору болобу өтө эле ак түстүү тоналдык бетмайды тандап алуудан качуу керек. Анткени ал сизге кан жүгүрбөгөн беттей өң берип коюшу мүмкүн.
Упа:
Жаз мезгилинде ак жуумал беттерге ачык түстөгү упа жабылат. Ал эми кара тору өңдөргө тотугуу (загар) түстөгү упа сунушталат. Эгерде кечеге бара турган болсоңуз күмүш түстөгү упа колдонсоңуз болот. Бирок ак күмүш жана ачык кызгыл түстөгү упаны колдонуу сунуш кылынбайт.

Эндик:
Бетти өңүнө келтирүүчү дагы бир косметикалык каражат эндик (румяна). Эндиктин тунук шабдаалы, өрүк, лосос жана ачык коралл түсүн колдонуу сунуш кылынат. Эндик беттин түсү менен айкалышып турушу керек. Бет терисинин өңү кандай гана болбосун күрөң түстөгү эндик көп айымдарга анча жараша бербейт. Эндиктин ачык кызгылт, саргыч боз жана көк түзүн колдонуу дагы сунуш кылынбайт.

Адамдын көзү макияж жасоодо эң негизги көңүл бурулуучу мүчө болуп эсептелет. Бирок эң маанилүүсү боёнууну каштан баштоо керек. Адистердин айтымында, формасы жок каш кандай гана макияж болбосун бузуп коюшу ыктымал. Андыктан ага форма гана бербестен түсүн туура тандап алуу шарт. Кашты атайын карандаш же тень менен боёсо болот. Күндүзкүгө караганда кечки макияжда каш карараак болуп коёлот.
Көз боёчу каражаттардын түрү:
Учурда көз боёчу каражаттардын 3 түрү бар
- Катуу же тыгыз (компактный)
- Убаланма (рассыпчатый)
- Майлуу (жидкий).
Булардын ичичнен эң ынгайлуусу катуу же тыгыз тень. Боёнуучу каражаттын бул түрүн алып жүрүүгө, кол баштыкка салып коюуга жана түстөрдү айкалыштырууга өтө ыңгайлуу. Алардын түрү абдан көп.
Убаланма тень - бул тендерди алып жүрүү өтө ыңгайсыз. Бирок мындай тендер менен боёп карартуу өтө ыңгайлуу болот.
Ал эми майлуу тендер өтө эле ачык жана боёдо өзгөчөлүүккө ээ.
 
Тушь
Күнүмдүк макияж үчүн кара-күрөң түстөгү кирпик боёчу каражат сунуш кылынат. Ал эми модалуу кечеге бара турган болсоңуз изумруд жана бирюза түстөгү тушту койсоңуз болот.

Помада:
Назик жана ак жуумал айымдар үчүн ачык кызгылт же ачык коррал түстөгү помадалар абдан жарашыктуу келет. Кара тору айымдарга күрөң түстөгү помадалар жакшы жарашат. Ал эми жаш кыздарга көпчүлүгү түсү жок жылтырак помадалар жакшы жарашат.
Кызыл шарапка түсмөлдөш, сирень жана саргыч боз, ошондой эле өтө күңүрт түстөрдү колдонуудан качуу керек.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.