Курс НБ на 28.02.2020 $69,8500 €77,0760

Жаңы жылдык “Жетиген”

Маданият
17 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
78
Жаңырган жылдагы “Жетиген” журналынын январь айындагы №1 жаңы саны жарык көрдү. Журналда адаттагыдай эле жакшы саамалыктарды колдогон, коштогон жагымдуу жаңылыктар топтому менен бирге түрдүү жанрдагы материалдар орун алган.
Мыктылардын мыктысы “Жетигенде”
“Жетиген” журналы салтка айланган 8-жолку “Жыл мыктыларына” сыйлык тапшыруу аземин 20-декабрда А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөргөн. Мына ушул иш-чарадан уюштурулган сүрөттөр коштогон репортаж менен 52-63-беттерден таанышууга болот.
Керемети өнөр жолун алтындап, кете берди кайтпас күнгө калкылдап...
-“XX кылымдын киноклассиктеринин бири, кинорежисёр Болот Шамшиев кыргыз киносун Советтер Союзуна гана эмес, эл аралык аренага алып чыгып, улуттук кино өнөрүнүн тарыхында өчпөс изин калтырып кетти. Кинодон сырткары Шамшиев кара сөздүн чебери катары “ЗОНА KG” деген аталышта роман жазып кеткенин көптөрү биле беришпейт. Өнөр өлбөйт деген ушул болсо керек. Жакшынын жарыгы өчпөйт деген да жакшы сөз бар. Болот Шамшиев деген улуу ысымдын жарыгы да эч качан өчпөй урпактарга өтө берет”,- деп айтылат акын, журналист Б. Чотурованын эскерүүсүндө.
Чычкан жылы кандай болот?
Журналда 2020-жыл кандай жылдардан болоору жөнүндө астрологдордун төлгөсүнө да орун берилген. Чычкан жылы чыгармачыл балдар төрөлөт экен. Алар кичинекей кезинен баштап эле лидер болууну каалайт. Акылдуу, мамилечил болгондуктан достору көп болоору айтылат.  Чычкан жылы кандай түс тандоо, кандай кийинүү керек деген сыяктуу кызыктуу  кеңештер берилген.
Мындан сырткары “Адам кайсы куракта картаят?”, “Дүйнөдөгү 5 кызык”, “Бул дүйнөгө жаралуунун өзү бакыт” сыяктуу ж.б. кызыктуу материалдар бар.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу