Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Жаш окумуштууларга «Жыгач жоокер» статуэткалары тапшырылды

Маданият
18 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
420
Кечээ, 17-октябрда КР Улуттук илимдер академиясынын П.А.Ган атындагы токой институтунун «Евразия токойлору - Тянь-Шань бермети» аталган XVI Эл аралык конференциясынын алкагында жаш окумуштууларга «Жыгач жоокер» деген ак кайыңдан жасалган жоокердин чакан статуэткаларын тапшырышты. Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы билдирди.
УИАнын басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлыктар окумуштуулардын жасаган иштерине сый-урмат катары тапшырылды.
«Жыгач жоокердин» автору Владимир Опалев. Аталган сыйлык 2003-жылдан бери тапшырылып келет.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.