Курс НБ на 19.02.2020 $69,8489 €75,4648

“Жаш Канат” ансамбли Астанада баш байгени алды

Маданият
04 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
448
“Жаш Канат” хореографиялык ансамбли Астанада өткөн балдар чыгармачылыгы боюнча эл аралык сынакта баш байгени алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелда мэриянын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин “Жаш Канат” хореографиялык ансамбли Астанада өткөн ХI “Ак көгершин” балдар чыгармачылык эл аралык конкурсунда баш байгени жеңип алды.  Аталган конкурс жыл сайын Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлүп келет. Сынакка миңден ашуун таланттуу балдар катышып, хореография, вокал, бий, улуттук аспаптарда ойноо, театр жана мода боюнча ат салышкан.  Кыргызстандан барган “Жаш Канат” тобу “Сардал кыз” жана “Мы – пираты” бий номерин аткарып, баш байгени алып, Ардак грамота, медал жана белектер менен сыйланышкан
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.