Курс НБ на 18.10.2018 $69,3190 €79,8451

Жаш калемгерлер, көңүл буруңуздар!

Маданият
13 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
228
Кыргызпатентке караштуу интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу балдар жана жаштардын чыгармачылыгына шык-дем берүү, андан ары өсүп-өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү үчүн жаңыдан келеми төшөлүп келе жаткан жаш калемгерлердин чыгармаларын жыл сайын жарык көрүүчү  “Саамалык – 14” адабий альманахына 2018-жылдын 15-февралынан 17-апрелге чейин топтоп жаткандыгын билдирет.  
Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары:
- Чыгармалар кыргыз, орус тилдеринде кабыл алынат;
- Альманахка эч жерде жарык көрбөгөн чыгармалар гана чыгарылууга тийиш:
- Авторлордун жашы 35 жаштан ашпоого тийиш:
- Кыскача өмүр баяны, сүрөтү, учурда иштеген (окуган) жери жана дареги жазылуусу керек:
- Альманахка жиберилген чыгармалар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт:
- Авторлорго чыгарма жазгандыгы үчүн 5 нускадан китеп бекер берилет:
- Материалдарды  dinara_bii@mail.ru электрондук даректерине жөнөтүп же 11-кичи району, №10/1 үй дарегине саат 10:00 – 18:00 гө чейин алып келип берсеңиздер болот. Ал эми толук маалыматты www.patent.kg сайтынан таба аласыздар.
 
Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор:  (0312)  52-08-54, (0700) 84-83-29.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.