Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Залкар комузчунун элесине арналган сынак өтөт

Маданият
12 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
45
9-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, залкар комузчу, күүчү, ырчы, аткаруучу Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына арналган комузчулардын республикалык сынагы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Анын айтымында, сынакка залкар комузчунун күүлөрүн жогорку деңгээлде черте билген 35 жашка чейинки комузчулар катыша алат. Конкурс 9-ноябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өткөрүлөт. "Сынак Маданият, маалымат, туризм министрлиги жана "Ак-Талаа" коому тарабынан уюштурулууда.
 Эске салсак, Нурак Абдырахманов 1946-жылы 19-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында төрөлгөн. Анын аткаруусундагы "Жибек жол", "Так теке" “Соң Көл” чыгармалары өнөрүн калың журтка даңазалаган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу