Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,2541

​Ысык-Көл менен Нарын облустары "Кол өнөрчүлөр шаары" деген статус алышы мүмкүн

Маданият
21 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
40
Эки облуска бул макам Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңеши тарабынан бериле тургандыгын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстанга аталган кеңештин комиссиясы келди, алар облустарга баа берет. Ысык-Көл облусу "Боз үй шаары" номинациясына, Нарын облусу "Кийизден жасалган шаар" наамына көрсөтүлүп жатат,-делет министрликтин маалыматында. Облустардын макамын аныктоо үчүн комиссия мүчөлөрү кооперативдерди, кол өнөрчүлөрдүн өнөрканаларын, музейлерди жана кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү окуу жайларды кыдырат. Макам эл аралык болуп эсептелет. Андыктан жергиликтүү калк, бийлик  да ага ээ болууга аракет кылуулары зарыл болот.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу