Курс НБ на 23.05.2018 $68,2964 €80,1083

Ырчылардын ыры менен чыры, Филармонияда

Маданият
13 - Март 2018
www.erkintoo.kg
114

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жамааты "Ырчылардын ыры менен чыры" аттуу өзгөчө программадагы концертин тартуулайт. Бул тууралуу филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы Улан Зайнидин уулу билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Нооруз майрамына карата 20-21-март күндөрү улуттук филармониянын чоң залында уюштурулат.

"Улустун улуу күнүндө филармония жамааты элге ыр-майрам тартуулабай койсо болбойт да. Концертте ырчылардын сахна артындагы жашоосу театрлаштырылып көрсөтүлүп, Эл артисттери, эмгек сиңирген артисттердин жагымдуу ырлары тартууланат",-деди Зайнидин уулу.

Концерт кечки саат 18:30да башталат.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу