Курс НБ на 16.07.2018 $68,2447 €79,8190

Ынтымагыңар бекем, ырчы-акыныңар чечен, өнөр сахнаңар ыйык болсун!

Маданият
09 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
146
Мезгилдин өтүшү менен заман жаңырып, коом өзгөрүп, аны менен бирге заман талабына жараша руханий баалуулуктарга караганда социалдык жактан кызыкчылыктар арбып, техника менен технологиянын инновациялык дүркүрөп өнүгүп-өсүп бара жаткан глобалдашуу доорунда адам баласынын адеп-ахлактык, маданий тараптан калыптануусун, улут катары өзгөчөлүгүн айгинелеген ажайып салт-санаасын, элдик көрөңгөлүү өнөр казынасын сактап калып, ата-бабаларыбыздын баалуу мурастарын урпактарга өткөрүп берүү мекенин баалап сүйгөн ар бир атуулдун негизги парзы болуп эсептелет эмеспи. Бул максатты ишке ашыруу үчүн коомду курулай сөз, кооз насааттар менен эмес, ошол коомдогу ар бир муундун жеке түшүнүгүнө, табитине, дүйнө таанымына жараша тарбия иретинде жеткире билүү чаалыкпас эмгекти, ары түйшүктүү терең изденүүнү талап кылат. Андыктан, ата мекенине, эл-жерине болгон аруу сүйүүсү менен атуулдук парзын аткарып, көөнөрбөс көркөм өнөрлөрү менен калкыбызга руханий байлык тартуулап, кыргыз элинин маданиятын, салт-санаасын, үрп-адатын дүйнө элине даңазалап келе жаткан Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын бүгүнкү күндөгү жеке чыгармачыл турмушу тууралуу кеп кылгыбыз келди.
Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун ардагерлер кеңеши улутубуздун өнөр куту мекендеген бул маданий чөйрө менен тыгыз байланышта болуп келебиз. Кыргызда "Карысын сыйлаганы – кадырын сыйлаганы" деген улуу кеп бар. Анын сыңарындай, Кыргыз Улуттук филармониясынын администрациясы бизди унутпастан ар майрамдарда жана белгилүү даталарда чакыруу билеттерин берип, жашообуздун көркүн чыгарып, каруубузга кубат, көңүлүбүзгө кубаныч тартуулап, төр бошото сый-урмат көрсөтүп келишет.
Акыркы мезгилдердеги филармонияда өтүп жаткан ар бир концерт же маданий иш-чаралар өз тематикасын сактап, кеңири мазмунда, ажайып көркөмдүктө элге тартууланып жатышы ар бир жамааттын жана анда эмгектенген ар бир жеке чыгармачыл инсандын чын ыкластан талыкпай изденүүсүнүн үзүрү деп билсек болот. Улуттук филармониянын өнөр сахнасына кирген жаңылануу – бул искусствонун ар кыл көркөм каражаттарын синтездөөгө жетишкендиктери көңүл кубантаарлык иш болуп эсептелет. Тактап айтканда, сахналык жасалгага сүрөтчү өзүнүн салымын кошуп декорациясын жаңылап жасап, көшөгөнү ар түрдүүлүктө илип берсе, сахнадагы жарык нурлар миң кубулуп көрккө көрк кошуп турат. Ал эми коюлган концерттин өзөгүн түзүүдө көркөм сөз менен шөкөттөлүп сценарий түзүлүп, адабий жанрдын да кызматы зор роль ойнойт.
Мынча жанрды бир гармонияда кармап, синтездеп иштөөнүн жыйынтыгы Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган, "Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы, филармония таланттардын уясы" деп аталган кыргыз көркөм өнөр маданиятынын калыптануу тарыхын баяндаган концерт-эпопеяда кеңири көрүнгөн. Мына ушундай иштөө ыкмасына өткөн филармониянын чыгармачыл жамааты ар бир концертти жаңылык менен элге тартуулап келет. Фольклордук топ аталган "Эл ырчысы Эстебес" тобунун акыркы мезгилдердеги "Бирик Кыргыз, бириккенде байрагың бийик Кыргыз!", "Оңдойм десең ааламды, оңдош керек адамды", "Ааламдан кең апа, сенин бешигиң" аттуу ири көлөмдөгү, санат-насааттуу концерттери заман талабына жана заманбап көрүүчүлөрдүн табитине жараша коюлган.
Ал эми классикалык жанрды көрүүчүлөргө, өзгөчө келечек муунга жеткирип, уга билүүгө тарбиялап жаткан филармониянын камералык оркестринин концерттери ар бир чыгармасынын мазмуну экран аркылуу чагылдырылып турушу көргөн адамды кубандырып, классикалык чыгармалардын миң сырларын түшүнүүгө жана уга билүүгө үйрөтөт.
Улуу залкарлар түптөп кеткен Улуттук филармониянын 80 жылдыгында К.Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин, А.Жумакматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин, Ч.Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин, Н.Түгөлов атындагы Мамлекеттик "Ак Марал" бий ансамблинин, Филармониянын камералык хорунун жана оркестринин,
А.Үсөнбаев атындагы Мамлекеттик "Эл шайырлары", Э.Турсуналиев атындагы "Эл ырчысы Эстебес" фольклордук топторунун аткаруусунда калк катмарына сиңген Токтогул, Карамолдо, Ыбырай, Шекербек, Атай, Мусалар мурас калтырып кеткен салттык жана жаңы чыгармаларын көрүп-угуп курсант болуп кайтканбыз.
Калк кадырлап, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон ырчыларыбыз – КР эл артисттери, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары: А.Ибраев, С.Садыковалар, КР эл артисттери Н.Табалдиева, Г.Мамашева өңдүү сахна чеберлери күнү бүгүнкүдөй көңүл кушун кандыра ырдап, жаштарга насаатчы катары сый-урмат менен келишет. Чыгармачылык бай тажрыйбасы менен сахнанын көркүн ачкан КР эл артисттери: Б.Шатенов, С.Каримов, 3.Мавлянованын; КР эмгек сиңирген артисттери: Майрам Дүйшөкеева, Тамара Исабекова, Чырмаш Төрөбеков, Элнура Самарбекованын, жаштыгына карабай жалпы журттун жүрөгүнөн орун тапкан: Кутман Жолдошев, Салима Балтаева, Улан Качкыналиев, Гүлмира Жолдошева, Марат Ибраев, Гүлнара Өмүрзакова, Кундуз Таштаналиева, Аскат Мусабеков, Назира Токонова, Токтогул Рысалиев, Элмира Таджиева, Элбарчын Калилова өңдүү ырчылар Улуттук филармониянын өзөгүн түзүшөт.
Кыргыз элинин көөнөрбөс көркөм өнөр тарыхында из калтырган, чыгармачылык тажрыйбага бай, улут сыймыгы болгон Улуттук филармониянын өнөр адамдары элдик маданиятыбызды төгөрөктүн төрт тарабында дүйнө элине даңазалап, дүйнө жүзүнөн келген меймандарды суктандырып, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында, Эл аралык конкурс- фестивалдарда өнөр секиде алдыңкы катарда тургандыгы бизди сыймыктандырбай койбойт.
Чалкеш замандын оор-жеңилине карабай, ары түйшүктүү, ары урматтуу зор эмгекти аркалап, ата-бабаларыбыз калтырган ыйык мурастарды аздектеп сактап келе жаткан Кыргыз Улуттук филармониясынын жамаатына терең урмат көрсөтүү менен таазим этебиз!
Мына ушундай чоң жамааттын өнөрүн өркүндөтүп, чыгармачылык дараметин өстүрүүгө жаш да болсо бар тажрыйбасын жумшап эмгектенип жаткан филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтовго, ар бир чыгармачылык инсандын кызыкчылыгын көздөп, ушунчалык зор чарбанын ишинин алдыга жылып туруусуна таза ниет, ак тилек менен жанын үрөп, эмгегин жумшап келе жаткан Улуттук филармониянын башкы директору, КР эл артисти Кыргызбай Осмоновго жалпы кыргыз элинин аксакалдарынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
Урматтуу Улуттук филармониянын жалпы жамааты! Сиздерге алакан жайып, ак тилектен берер батабыз: Жаңырган жылда Кудайым тилеген тилегиңерди берсин, босогоңорду кут даарып, коломтоңорго ырыскы келсин! Ынтымагыңар бекем болсун, ырчы-акыныңар чечен болсун! Талантыңар өркүндөй берсин, рухуңар тазарып, улукмандардын насааты келсин! Өнөр сахнаңар ыйык болсун, ак өргөңөргө нур консун! Оомийн!
 
Бишкек шаардык согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун ардагерлер кеңеши


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.