Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

​Улуттун уңгусу бул – маданият

Маданият
24 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
50
23 - июлда “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев акын, жазуучу, кинорежиссер жана сүрөтчүлөр менен жолугушту.  Иш  - чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов да катышты. Жолугушууда кыргыз маданиятынын абалы, адабият, кино тармактарындагы абал талкууланды. Мындан сырткары жазуучулар союзунун имаратына болгон муктаждыгы, Тоң районудагы кино тартууга ылайык аймакты мамлекеттик корукка айлантуу боюнча  көйгөйлөр көтөрүлдү “Улуттун уңгусу бул – маданият. Биз эң биринчи маданиятка маани берип, Сиздердин чыгармаларыңыздардын жардамы менен уул-кыздарыбызды тарбиялашыбыз керек. Сиздер коомдогу агартуучулук милдетти аткарып, элибиздин аң-сезимине өзгөртүү киргизип, позитив тартуулай турган чыгармаларды жаратышыңыздар зарыл. Ал үчүн мамлекет да Сиздерге шарт түзүп берүүгө милдеттүү”, – деди Бакыт Төрөбаев.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу