Курс НБ на 22.10.2018 $69,3251 €79,3703

"Улуттук университеттин күнү" белгиленди

Маданият
07 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
74
31-майда Ж. Баласагын атындагы  Кыргыз Улуттук университетинин  "Улуттук университеттин күнүн" белгиледи. "Эл сыймыгы болгон бүтүрүүчүлөрүбүз" деген Ардак тактанын ачылышы менен башталды. Стендде КУУну бүтүрүп чыккан белгилүү инсандардын сүрөттөрү орун алган. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү азыркы Эл жазуучулары Мелис Абакиров, Султан Раев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, Эл акындары Анатай Өмүрканов, Шайырбек Дүйшеев жана Төлөгөн Мамеевдер куттукташты. Иш-чаранын жүрүшүндө ректор Канат Садыков КУУнун жамаатын Улуттук университеттин күнү менен куттуктады.
 
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.