Курс НБ на 19.04.2019 $69,6426 €78,3236

Улуттук салттуу музыканын өнүгүшүнө мамлекеттик колдоо керек

Маданият
29 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
117
“Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыкасынын күнүн белгилөө жөнүндөгү” токтомго ылайык, жылына 25–апрелде улуттук салттуу музыканын жумалыгы өткөрүлүп келет. Бул тууралуу маселе бүгүн, 28-январда парламенттеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин жыйынында каралды. Талкууда депутат Садык Шер -  Нияз салттуу музыкага бир гана Маданият министрлиги жооптуу эместигин айтып, бул маселеге Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясы да көңүл бурушу зарыл, - дейт.  Салттуу музыка тууралуу илимий - практикалык конференцияларды уюштуруп, ачык сабактарды өткөрүүнү колго алуу керек, - дейт эл өкүлү. "Салттуу музыкага деле мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулууга тийиш. Болбосо, кыргыз футболу А.Салымбековго, айтыш С.Шер - Ниязга, же салттуу музыка Р.Амановага эле керек нерсе эмес да?!" - дейт депутат Жанарбек Акаев. Жыйынтыгында айтылган сунуш - пикирлерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыкасынын күнүн белгилөө багытында жыл сайын иш-чараларды өткөрүп туруу өкмөткө тапшырылды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу