Курс НБ на 12.11.2019 $69,8469 €77,0062

“Тынымсыз Манас айтуу” фестивалы өтөт

Маданият
02 - Сентябрь 2016
Админ
667

2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата, манасчылардын “Тынымсыз Манас айтуу” фестивалы өтөт. “Саякбай манасчы” коомдук фондунун маалыматына караганда, 3-8-сентябрь күндөрү улуу жана орто муундагы манасчылар угармандарга Манас айтышат. Ал эми чоң манасчылардын тыныгуу убактыларында жаш жеткинчектер өнөрлөрүн тартуулашат. Аталган иш-чарага Талантаалы Бакчиев, Дөөлөт Сыдыков, Рысбай Исаков баш болгон 30 манасчы катышат. Эске салсак, 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт.

Айнура Шайкеева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу