Курс НБ на 28.09.2020 $79,4998 €92,6530

Турсунбек Абдылдаев, Адина Самыйбек кызы жана Рахатбек Үсөнкожоев «Даңк» медалдары менен сыйланышты

Маданият
28 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
624
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-декабрда кол койгон Жарлыкка ылайык, кайраттуулугу, эрктүүлүгү, оор турмуштук кырдаалда адамдын татыктуу жашоого жана үзүрлүү эмгекке умтулуусунун зор үлгүсүн көрсөткөндүгү, ошондой эле кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн «Даңк» медалдары менен сыйлансын:
- «Талыкпас-Ата» майыптардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Абдылдаев Турсунбек Абдыкасымович;
- «Тумар» бий тобунун катышуучусу Адина Самыйбек кызы;
- Нарын облусунун Ат-Башы  районунун тургуну Үсөнкожоев Рахатбек Таштанбекович.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.