Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

​Төрт тасма Уфада өтүүчү фестивалга катышат

Маданият
24 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
58
Кыргызстандык төрт тасма Башкортостанда өтө турган «Күмүш Акбузат» эл аралык фестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. Фестиваль 24-27-август күндөрү Башкортостандын борбору Уфа шаарында өтөт. Ага Россиянын 10 субъектисинен жана 10 өлкөдөн 48 тасма катышат. Аталган фестивалга Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы (Россия менен бирге) Этникалык жана улуттук кино бөлүгүндө катышат. Ал эми Бекзат Пирматовдун «Аврора», Азамат Шаршеновдун «Жашоо керемет» жана Ибадылла Ажыбаевдин «Мугалим» тасмалары фестивалдын социалдык жана мотивациялык кино бөлүгүндө көрсөтүлөт.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу