Курс НБ на 18.10.2018 $69,3190 €79,8451

Түркистандагы ыр кечеден сыйлык алган Атантай Акбаров

Маданият
05 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
265
Үстүбүздөгү жылдын 20-21-22-декабрында Казакстан Республикасынын Түркистан шаарында түрк тилдүү акындардын эл аралык поэзия фестивалы болуп өттү. Жакшы салтка айланып калган бул ыр майрам Түркия Жазуучулар Бирлиги тарабынан 1992-жылы уюштурулуп, алгач ирет Стамбулда өткөрүлгөн. Андан бери карай ар эки жылда бир жолудан ар кайсы түрк тилдүү өлкөлөрдө уюштурулуп келаткан бул ыр майрамдын 12-айлампасы бул жолу Казакстанда өткөрүлүп, жумшалган чыгымдарды Түркиянын маданият жана туризм министрлиги каржылады.
Адабият, поэзия деп жашаган акын жүрөктөр үч күн бою Түркистанды ырга бөлөштү. Казакстандын эл акыны, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Улугбек Есдаулетов сыяктуу таанымал, абройлуу, келечектүү акындардын бул фестивалга катышуусу ыр майрамдын маанисин арттырды. Бирок, фестивал кайсыл жерде өткөрүлсө, ошол жердин акындарына жана ыр майрамды уюштуруучуларга сыйлык берилбей тургандыгы жободо так белгиленгендиктен, таланттуу казак баурлар бул жолу сыйлыкка атаандаш боло алышкан жок.
Түркия жазуучулар бирлигинин жана аларды колдогон асыл жүрөк адамдардын шарапаты менен ар кайсы өлкөлөрүн акындары бири-бири менен жакындан таанышып, чыгармачылык алака түзүп, келечекте поэзиянын гүлдөрүн тилден тилге которуп, жан дүйнөнү байытып, дилди агартуу миссиясын колго алмай болушканы кубанарлык демилге болду.
Кеченин соңунда фестивалга катышуучуларга I, II жана III даражадагы дипломдор тапшырылды.  Анда суурулуп чыккан үч акынга даңазалуу үч сыйлык белгиленип, Кыргызстандан барган Атантай Акбаровго Түркиянын алтын доорунун залкар акындарынын бири Махмуд Абдулбакы атындагы, Түркиялык таланттуу акын Мустафа Өзчеликке казактын залкар акыны Магжан Жумабаев атындагы жана татар элинин жигердүү жаш акыны Ремис Аймедке Султан Хусейин Байкара атындагы сыйлыктар тапшырылды.
Сыйлык алган Атантай Акбаровго чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.