Курс НБ на 18.01.2019 $69,8493 €79,5968

Томск шаарындагы муз айкелдердин фестивалына кыргызстандык Урмат Советкелдиев катышты

Маданият
17 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
86

Томск шаарындагы муз айкелдердин фестивалына кыргызстандык Урмат Советкелдиев "Өмүр булагы" аттуу эмгегин тонналаган муздан көркөмдөп жасап катышты. Чебер колдор арасындагы сынак "Хрусталдуу Томск" деп аталган.
 

Советкелдиев конкурста алты күн жүргөн. Бул эмгекте төө, анын эки өркөчүндө чымчыктар конуп турат. Төөнүн көлөкөсү суудан көрүнөт. Сууда болсо балыктар сүзүп жүрөт. Төөнүн жанында кыргыз улуттук кийимин кийген кыз олтурганын көрүүгө болот. Аталган фестиваль алты күнгө созулуп, 14-декабрда аяктады.

"Мындай фестиваль чыгармачылык жактан ой жүгүртүүнү өстүрүп, чыгармачыл чөйрөнү кеңейтүүгө сонун шарт түзүп берет. Бул сыяктуу иш-чарада улутка, мамлекетке бөлүнүү болбойт. Бардык адамдар бирдей, чыгармачылыкка гана басым жасалат. Ага кайсы улут келбесин, тилин билбесең да, орток тил — достук тили менен сүйлөшө аласың. Ар бир адам сенин ишиңде жардам бергиси келгенин түшүнөсүң", — деп айтып берген Советкелдиев.

Кыргызстандык айкелчи анын алгачкы сапарынан сонун таасир алгандыгын, башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери ага жакындан жардам көрсөткөндүгүн айтып берген.

Урмат ушул жылы Новосибирск шаарында өткөн кар фестивалга да катышып, өз таланты менен башкаларды таң калтырган. Ал учурда кичи мекени — Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында майыптар үчүн устакана ачып, аларга устачылыкты үйрөтүп келет.



 



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу