Курс НБ на 25.09.2018 $69,0754 €81,2361

Токтогул атындагы сыйлык ээлерине тапшырылды

Маданият
01 - Март 2018
www.erkintoo.kg
179
Премьер-министр Сапар Исаков маданият, искусство адабият, архитектура жаатындагы ишмерлерге Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын тапшырды. Бул сыйлык Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга жана жакындаштырууга салым кошкон адамдарга жана мыкты чыгармалар үчүн эки жылда бир жолу ыйгарылат. Бул сыйлык жети адамга ыйгарылды. Алардын арасынан акын Каныбек Жунушевдун “Күн чубак” ырлар жыйнагы, сүрөтчү Талант Огобаевдин “Космос любви” картинасы жогорку баага татыган. Калган беш чыгармачыл адам “Курманжан датка” тарыхый көркөм тасмасы аркылуу татыгандар. Актриса Назира Мамбетованын Курманжан датканын ролун мыкты аткарганы үчүн ээ болду.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.