
Курс НБ на 24.04.2018 $68,4712 €83,8019

Токмок шаарында немис тасмаларынын күндөрү өтөт
12-13-октябрда Токмок шаарында немис тасмаларынын күндөрү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Германиянын Кыргыздагы элчилигинен маалымдалды. Берилген маалыматка ылайык, мындай иш-чара Токмок шаарынын шаар макамын алгандыгынын 150 жылдыгына карата уюштурулууда. Анда белгиленгендей, шаардагы "Космос" кинотеатрында "Летающий класс", "Жизнь других", "Точечка и Антон", "Дневники Оды" (Poll) тасмалары немис тилинде орус тилиндеги субтитр менен көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.
Мээрим Бактыбек кызы
Мээрим Бактыбек кызы
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек