Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Темирлан Сманбеков Нарын облустук театрын жетектемей болду

Маданият
12 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
45

КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Темирлан Сманбеков Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын директору болду. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Нарын театры 1937-жылы Нарын шаарында район аралык колхоз-совхоз театры болуп ачылып, 1977-жылы СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун ысымы берилген. Ал эми 2008-жылы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры статусу берилген.

Сманбеков буга чейин Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын, андан соң Муса Жангазиев атындагы республикалык куурчак театрын жетектеп келген


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу