Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

Темир Азизов

Маданият
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
1162
Темир Тагаевич көп жылдан бери колуна калем кармап, ыр жазып келсе да мурда чыгармалары басма сөзгө жарыяланган эмес. Жаш кезинде төкмө акын болуп, кийин жазма акындыкка өткөн. Биз акындын поэзиядагы тушоосун кесип, гезитибизге айрым ырларын берүүнү туура таптык. Поэзияда жолу байсалдуу, чыгармачылыкта өрүшү кенен болсун демекчибиз.
 
Мен издеген асылзатсың

Ар пенде ар убакта сүйөт тура
Аркалап ал сезимди жүрөт тура.
Асылга арнайт экен жашоодогу,
Акыркы жалгыз калган мүнөттү да.

Сен дагы мен издеген асылзатсың
Башканын бактысына жазылбапсың.
Талашсаң таразага ченеп берген,
Тагдырдан кайда качып жашынмаксың?

Эмне бар бул дүйнөдө кемибеген?
Өткөрсүн ар ким аны теңи менен.
Өрүнөн бир кошулуп аккым келет,
Өмүрдүн агымында сени менен.

Cага
Сагынсам өзүң болдум сагынаарым
Ыр жазсам, толуктайсың сабын анын.
Мейманга келип-кетчү бул дүйнөдө,
Бакыт сурап кудайга жалынамын.
Ак берметин Ысык-Көлдүн таап алдым,
Тумар кылып көкүрөккө тагынамын.

Бир сезим

Бек орноп жүрөгүмдө жылбастан,
Бел ашсам жанымдасың бир баскан.
Бейкапар өткөрө албай өмүрдү,
Беш саптын бири сенсиң ыр жазсам.

Кымбатсың дүйнөдөгү кымбаттан
Кыр ашсам кыялымсың сырдашкан.
Жайнаган гүлдөр таазим кылгансыйт,
Жазганып сенде болгон сымбаттан.

Жашоомдун жаркын учур бир кезин
Жалындап ээрчип келет бир сезим.
Жаңыдан гүлү ачылган сүйүүмсүң,
Жалгыз сен жаным менен биргесиң.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.