Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Тажикстанда тажик-индия тасмасы тартыла баштады

Маданият
26 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
532

Тажик режиссеру Шарофат Арабова өз баласын сатууну ойлогон Парвон деген аялдын окуясы тууралуу тасма тарта баштайт.

"Бул толук метраждуу фильм. Башкы каарман - моюнуна толтура социалдык көйгөйлөр жүктөлгөн 27 жаштагы Парвон аттуу аял. Ал кош бойлуу дагы болуп калат, анан баласынан баш тартууну ойлоп, сатууну көздөйт. Мен тасманын сценарийин Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы Asian project market кинофестивалына алып чыктым. Бул тажик-индия тасмасы болот. Учурда экинчи продюсерди издеп жатабыз”,-деди Шарофат Арабова.

Шарофат Арабова 2014-жылы тартылган «Тасфия» тасмасы менен белгилүү. Фильм убакытка баш ийбеген чыныгы сүйүү, күнөөнү аңдап билүү жана руханий жактан тазалануу жөнүндө.

Анын “Арасында” (“In between”) деген кыска метраждуу тасмасы англис, орус, фарсы, хинди жана непал тилдеринде жарыкка чыккан. Фильм “Кыргызстан-кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” фестивалында да лауреат болгон. Тасмада Индия мегаполисин байырлаган мигранттын турмушу баяндалган.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.