Курс НБ на 23.07.2018 $68,2267 €79,8628

Тажикстанда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет

Маданият
23 - Март 2018
www.erkintoo.kg
108
Кыргызстанда улуу жазуучунун быйыл декабрь айында белгиленүүчү 90 жылдыгына карата “Дүйнө Айтматовду окуйт” деп аталган акция башталды. Акцияга чет өлкөлөрдөн, алардын арасында Тажикстандан да илимпоздор жана жазуучулар катышат.
Бул туурасында февраль айында президент Сооронбай Жээнбеков менен Душанбедеги жолугушууда президент Эмомали Рахмон “Тажикстанда Айтматовду баалашат, окушат. Тажик тарап зор кубаныч менен аталган акцияга катышат” деп айткан.
“Ховар” улуттук маалымат агенттигинин маалыматына таянсак, Тажикстанда Ч.Айтматовдун чыгармаларын изилдөө жыйырманчы кылымдарда “Жамийла” повестин тажик тилине которуу менен башталган. Айтматовдун чыгармаларын тажик тилине Фазлиддин Мухаммадиев, Хабиб Ахрори, Тойтура Батыркулов, Бахтиёр Муртазоев, Джонибек Кувноков, Истад Касымзаде, Уктам Холиков, Шамси Собир, Сорбон, Шариф Шараф, Баротали Абдурахмонов, Доро Наджот, Хикмат Рахмат, Низом Косим, Рустам Ваххоб сыяктуу жана башка жазуучулар, акындар жана илимпоздор которушкан.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.