Курс НБ на 28.09.2020 $79,4998 €92,6530

Тарыхчылар «Манас» ордени менен сыйланышты

Маданият
04 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
624
Тарыхчыларды орден менен сыйлоо жарлыгына Президент Алмазбек Атамбаев, 31-декабрда  кол койгон. Ага ылайык  Кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн: тарыхчы, этнограф, Н.Ф.Катанов атындагы Хакас мамлекеттик университетинин этнография лабораториясынын жетекчиси — Бутанаев Виктор Яковлевич; тилчи, фольклор таануучу — Өмүрбай уулу Макелек;
тарыхчы, археолог, Новосибирск мамлекеттик университетинин археология жана этнография кафедрасынын профессору — Худяков Юлий Сергеевич  III даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланды.  «Манас» ордени — Кыргыз Республикасынын жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыгы. 1996-жылы 16-апрелде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары» мыйзамынын негизинде түзүлгөн. Сыйлык 3 даражадагы орденден турат.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.