Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Таласта «Айтыш» республикалык сынагы өтөт

Маданият
02 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
66
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Талас шаарында «Айтыш» республикалык сынагы өткөрүлөт. Айтышка өлкөнүн бардык аймактарынан акындар катыша алат. Тандоо турунан 16 акын тандалып алынарын уюштуруучулар кабарлады. Тандоо туру 5-ноябрда «Манас» кинотеатрынын чоң залында саат 10:00дө башталат. Ал эми айтыштын калган бөлүктөрү 8-ноябрда Талас облустук Капар Медетов атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлөт. «Айтыш-2018» республикалык төкмө акындар сынагынын байге фонду 1 миллион сом.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу