Курс НБ на 18.07.2018 $68,1779 €79,2295

Таланттардын алтын бешигине 50 жыл!

Маданият
04 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
319
Үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрында Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университитетинин 50 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
            Мааракени аталган окуу жайдын ректору М.Чотонов ачып: “Биздин университетке 50 жыл – жарым кылым толуп отурат. Бул арада элибизди сыймыктандырган канча деген таланттар тапталып чыкты, мамлекетибиздин туусун көкөлөтүп, дүйнөгө таанытты”, - деп билдирди. Кийинки сөздө маданият, маалымат жана туризм министри С.Жумагулов КР Премьер-министри С.Исаковдун атынан мааракеге байланыштуу куттуктоо сөзүн окуп берди. Анда мындай деп айтылат: “...Эзелтен кыргыз элинде көркөм өнөр жана маданият өзгөчө бийик бааланып келген.  Азыркы доордо элибиз маданият аркылуу өзүнүн нукура улуттук асыл сапаттарын жана дөөлөттөрүн сактап турат. Сиздердин университеттен элибиздин бир катар залкар таланттары чыкты. Алар улуттук руханий дөөлөттөрдү дүйнөгө таанытып, жалпы адамзаттын маданий мурасына татыктуу салым кошушту. Көркөм өнөр жаатындагы адамдардын чыгармачылыктагы өсүшүнө, өлкөбүздөгү маданият жана  көркөм өнөрдүн өнүгүшүнө сиздердин окуу жайдын таасири жана ролу чоў экендигин белгилеп кетемин”. Ал эми маданият, маалымат жана туризм министри С.Жумагулов өзүнүн куттуктоо сөзүндө жаштарды маданияттуу сүйлөөгө, бири-бирине ызаат көрсөтүүгө чакыруу менен “Дүйнөнү багындыруунун бир жолу – “Манасыбыз”, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун көркөм сөзү менен багынткан сыяктуу, биз дагы, бийлерибиз, улуттук өнөр, нарк-насилибиз менен багынтабыз” деп университеттин эмгек жамаатына чыгармачылык ийгилик каалады.     
   Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин 50 жылдык мааракесина арналган көптөгөн куттуктоолор жана каалоолор айтылды. Университеттин бир нече окутуучусу “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери”, “Кыргыз Республикасынын эл агартуунун отличниги” деген төш белгилер жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.
  Маараке университеттин бүтүрүүчүлөрү, студенттери тарабынан даярдалган концерт менен коштолду. Эске сала кетсек, окуу жай 19 7-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту катары негизделип, КР Өкмөтүнүн 2013-жылы, 28-августагы №470 Токтомуна ылайык, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университети деп  аталган.  
  Акун кызы Динара      


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.