Курс НБ на 21.11.2017 $69,7040 €81,8116

Султан Раевдин «Кара» романы сыйлыкка ээ болду

Маданият
13 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
79
Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев «Кара» аталышындагы романы үчүн Москвадагы Евразия эл аралык сыйлыгында «Адабий чеберчиликтеги өзгөчө жетишкендиги»  номинациясы боюнча алтын лауреат болуп, алтын медаль менен сыйланды. Бул тууралуу жазуучунун жакындары билдирди. Маалыматка ылайык, Евразия сыйлыгы илим, искусство, адабият багытындагы номинациялар боюнча берилди. Аталган Эл аралык сыйлык Орусия, Англия, Индия, Непал, Казакстан, Украина, Грузия, Азербайжан, Кыргызстандын эң мыкты илимпоздоруна, искусство чеберлерине, акын, жазуучуларына ыйгарылды. Султан Раевдин «Кара» романы 2015-жылы Лондондо басылып чыккан. Жазуучу бул чыгарманын үстүндө 20 жыл иштеген. Анын негизги мазмуну адамдык жол туурасында баяндалган.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу