Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Султан Раевди Улуу Британия элчиси куттуктады

Маданият
10 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
494
Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит  Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрын жана спектаклди койгондорду,  “Суфлёр” спектаклинин автору жана коюучусу Султан Раевди Лондондогу Эл аралык театралдык фестивалдагы жеңиши менен куттуктады. Султан Раевдин экинчи спектаклинин  Лондондо  коюлушу Кыргыз Республикасынын Маданият жана тарых жылында өтө чоң мааниге ээ деп айтылат элчинин куттуктоосунда.  Б.Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын маалыматына караганда, Султан Раевдин “Суфлёр” спектакли Лондондогу Эл аралык театралдык фестивалда “Фестивалдын эң мыкты спектакли” катары Гран-Прини жеңип алган.  Анда башкы ролду аткарган Назира Мамбетова “Аялдын эң мыкты ролу” сыйлыгына ээ болгон.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.