Курс НБ на 07.07.2020 $77,2200 €87,1891

Студенттердин “Ала-Тоо жазы – 2017” фестивалы өтөт

Маданият
17 - Май 2017
www.erkintoo.kg
400
Бишкекте 18-май күнү  студенттердин  “Ала-Тоо жазы – 2017”  республикалык фестивалы өтөт. Фестиваль президент  тарабынан жарыяланган ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлүүдө. Мындай маалыматты Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алат. Жыл сайын өтүүчү «Ала-Тоо жазы — 2017» фестивалында студенттер журналистика, фольклор, бий, театр, эстрада жана кол өнөрчүлүк жанрлары боюнча өнөрлөрүн сынашат. Жеңүүчүлөргө дипломдор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.