Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

Студенттер арасында кыз-жигит «Сармерден» оюн-зоок кечеси өттү

Маданият
10 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
84
Иш-чара өткөн жумада И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болду. Филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын ага окутуучусу Т.Акматова окуу планынан тышкары студенттердин эне-тилге болгон жөндөмүн өнүктүрүү максатында, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин кыздар командасы менен Экономика жана менеджмент институтунун жигиттер командасынын ортосунда кызыктуу оюн уюштурган.  Бул кечеде жан дүйнөгө руханий азык тартуулаган манас айтуу, элдик ырлар, күүлөр, каада-салт, улуттук бийлер, жаңылмачтар, шаңдуу ырлар менен коштолду. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен кыздар жана жигиттер командасы бирдей упай топтоп, тең-тең деп табылды.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу