Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

"Сүтак" менен "Рахмат, дарыгер!" фестивалда ат салышат

Маданият
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
401
Францияда өтө турган Азия киносунун эл аралык фестивалына Кыргызстандын атынан эки тасма катышат. Бул тууралуу  Кинематографияны колдоо фондусу билдирди. Маалыматтарга караганда, 23-ирет өтүүчү сынакта 90 тасма  менен биргеликте Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" жана Адилет Каржоевдин "Рахмат, дарыгер!" тасмалары ат салышат.  Мында Каржоевдин фильми даректүү тасма конкурсуна катышса, Абдыкалыковдун тасмасы "Азиянын кино жүздөрү" программасында күч сынашат. Белгилүү болгондой 2003-жылы аталган фестивалга Марат Сарулунун "Алтын кыргоол" тасмасы катышып баш байгени жеңип алган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.