Курс НБ на 10.12.2019 $69,8500 €77,2820

“Сейде” тасмасы Түштүк Кореяда өткөн сынакта баш байгени жеңип алды

Маданият
10 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
454
Элнура Осмоналиева тарткан кинокартина “Азиана” деген аталыштагы кыскаметраждуу тасмалардын фестивалына катышкан. Жалпысынан конкурска 121 мамлекеттен 5 миң 327 билдирме келип түшкөн. Анын ичинен 31 өлкөдөн 46 тасма тандалып алынган. Алардын бардыгы Түштүк Кореяда биринчи жолу көрсөтүлдү. 12 мүнөттүк “Сейде” кыскаметраждуу фильми 2015-жылы тартылган. Сценаристи жана режиссеру — Элнура Осмоналиева. Кино кыргыз тилинде тартылып, орусча субтитр менен коштолот. "Сценарий боюнча Сейде тоолуу айылдардын биринде жашайт. Ал өзүнүн жакшы көргөн атын минип балдар менен ат оюндарын ойногонду жакшы көрөт. Бир күнү Сейдеге куда түшүп келишет. Ата-энеси макул болуп, тоюна анын сүйүктүү атын союну чечишет. Кыз турмуш курууга эптеп макул болсо да атын сойдурууга даабайт",-деп айтылат маалыматта. 
Мээрим Бактыбек кызы
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.