Курс НБ на 04.08.2020 $76,9120 €90,7023

«Сейде» тасмасы Кыргызстанда алгачкы ирет көрсөтүлөт

Маданият
30 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
821
 14 мүнөткө созулган кыска метраждуу тасма алыскы айылда жашаган Сейде аттуу кыз менен анын жакшы көргөн аты туурасындагы окуяны баяндайт. Белгилүү режиссер Элнура Осмоналиеванын "Сейде" тасмасы Кыргызстанда алгачкы ирет көрсөтүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Элнура Осмоналиева билдирди.  Анын айтымында, "Сейде" тасмасы 1-октябрь күнү саат 18:00дө Борбор Азиядагы Америка университетинде көрсөтүлөт. Каалоочулар hs@bilimkana.kg электрондук дареги аркылуу жазылса болот. 14 мүнөткө созулган кыска метраждуу тасма алыскы айылда жашаган Сейде аттуу кыз менен анын жакшы көргөн аты туурасындагы окуяны баяндайт.  "Сейде" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы былтыркы жылдын сентябрь айында Венецияда өткөн эл аралык кинофестивалда тартууланган. Андан кийин АКШнын Санденс шаарында жана Франциянын Клермон-Ферране шаарында өткөн эл аралык фестивалда көрсөтүлгөн.
Асел Барыктабасова
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.