Курс НБ на 15.10.2018 $69,1798 €80,0687

"Саякбай" тасмасы Санкт-Петербургда тартууланды

Маданият
18 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
177
9-декабрда Санкт-Петербург шаарында Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" кино тасмасынын бет ачаары болду. Ага кыргыз жана татар диаспорасынан 160 киши жана атайын чакырылган коноктор катышты.  
Белгилүү режиссёр жана продюссер "Саякбай" тасмасын эл алдына тартуулагандан кийин тасма жана киноматография туралуу айтып, суроолорго жооп берди. Суроолор негизинен тасмага бөлүнгөн акча жөнүндө болду. Тасма көрүүчүлөрдү абдан канааттандырды. Тасманын абдан кооз баяндоосу жана музыкалык коштоосу көрүүчүлөрдү патриоттук духка жетеледи. Кыргызстандын кооз жерлери, керемет жаратылышы жана актёрлордун жакшы оюну залдагыларды кайдыгер калтырган жок. Буга чейин "Саякбай" кино тасмасы үч жолу эл аралык байгелерге ээ болгон. 

Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.